"Азаттыктын" грузин кызматынын кабарлашынча, 1-октябрдан тарта 15 микрондон жука желим баштыктарды импорттоого жана сатууга тыюу салынды. Өкмөттүн буга байланыштуу буйругу быйыл 14-сентябрда чыккан. Ал эми 2019-жылдан тарта өлкөдө бардык полиэтилен баштыктарга тыюу салынып, биобаштыктарды гана колдонууга уруксат берилет. Эрежени бузган ишканаларга же соода жайларына 200 АКШ доллары өлчөмүндө айыппул салынат, экинчи жолу бузса айыптын өлчөмү 380 доллар.
Маалыматтарда полиэтилен баштыктар жерде 100 жылдан кийин гана чирийт. Ал эми биобаштыктар 24 айда гана чирип жок болот.
Экологдордун маалыматы боюнча, 2012-жылы дүйнөдөгү океандарда пластик таштандылардын көлөмү 165 000 000 тоннаны түзгөн.