Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:28

Трамп: USMCA макулдашуусу жүз миңдеген жумушчу орундарын түзөт


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Кошмо Штаттары менен Канада Түндүк Америкадагы эркин соода жүгүртүү боюнча үч тараптуу келишимди (НАФТА) айрым өзгөртүүлөр менен сактап калууну макулдашты. Жаңы макулдашуу эми USMCA деп аталат жана ал америкалык сүт азыктарын өндүрүүчүлөрдүн Канада базарына кирүүсүнө жол ачат. Ошол эле кезде АКШ Канаданын автоунаа ишканаларына кошумча бажы алымын киргизбейт.

“Бул чаралар жүз миңдеген жумушчу орундарын түзүүгө көмөктөшөт” деди АКШ президенти Дональд Трамп.

30-сентябрь АКШ менен Канаданын бул маселе боюнча макулдашуусунун акыркы күнү болчу. Эгер жаңы макулдашууга жетишилбесе, НАФТА келишими токтоп, Вашингтон Мехико жана Оттава менен өз алдынча эки тараптуу келишим түзүүсү керек болмок. USMCA макулдашуусунан кийин Канада долларынын куну АКШ долларына карата акыркы төрт айдагы эң жогорку чегине чыкты. Мексиканын улуттук акчасы – песонун да өскөнү байкалган.

Канада, АКШ жана Мексиканын ортосундагы үч тараптуу эркин соода келишими (НАФТА) 1994-жылы күчүнө кирген. Дональд Трамп президент болгондон бери аны Кошмо Штаттары үчүн пайдасыз деп, кайра карап чыгуу зарыл деп билдирип келген. Вашингтон үч тараптуу эркин соода келишимин сактап калуу үчүн Мексика менен августтун акырында макулдашууга жетишкен.

XS
SM
MD
LG