Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:51

Бишкек ЖЭБиндеги химиялык цехинин курулушу аяктады


Бишкек ЖЭБи.
Бишкек ЖЭБи.

Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) жаңы химиялык цехтин курулушу аяктады. “Электр станциялары” ишканасы тараткан маалыматка караганда, жаңы цехтин кубаттуулугу саатына 144 куб метр. Андагы жабдыктардын ичине 28 насос, төрт суу тазалоочу, ультрачыпкалоочу каражат, сууга кысып аралаштыруучу жана башка жабдыктар кирет. Жалпысынан 70-100 жумушчу адистер тартылды.

Химиялык цехтин жалпы аянты 1500 чарчы метрди түзөт. Жаңы жабдуулар бардык экологиялык нормаларга туура келип, автоматтык режимде иштейт жана Бишкек ЖЭБиндеги жабдууларды ишке берүүнү жеңилдетет.

Жаңы цехтин курулуш иштерин ЖЭБди модернизациялаган кытайлык ТВЕА компаниясы ишке ашырды. Курулуштун баасы 4,5 млн. долларды түзүп, ТВЕА компаниясынын өкүлдөрү ЖЭБдин адистерин бир жыл бою жаңы жабдыктар менен иштөөгө үйрөтөт.

Буга чейин Кытай тараптан берилген 386 млн. доллардын 360 миллион 445 миңи Бишкек ЖЭБин модернизациялоого иштетилгени кабарланган. Макулдашууга ылайык, калган 25 миллион 554 миң доллардын 19 миллион 300 миң доллары кемчиликтерди оңдош үчүн кепилдик төлөм катары көрсөтүлгөн. Ал эми калдыктын 6 миллион долларына жаңы химиялык блок курулмак болгон.

Быйыл 26-январда ЖЭБдеги суу бөлүштүрүүчү жабдык иштен чыгып, - 20 градустан ашкан катуу суукта абоненттерге беш күн бою жылуулук берилген жок. Бул кырдаал жарым жыл мурда модернизацияланган ЖЭБ тууралуу сын пикирлерди күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан. Териштирүүдө химиялык блок салынбай калганы айтылган. ЖЭБге "химиялык цех кереги жок" деп Ккытай тарап тыянак чыгарганы айтылган. (КЕ)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG