Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:46

Жогорку Кеңештин депутаты мектептердеги билим берүү деңгээлин катуу сындады


Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Тынчтыкбек Конушбаев билим берүү министрин мектептердеги класстарда 50 баладан окуган көрүнүштү катуу сындады:

- "Баланы алып келди, киргизди, окуп атат" деген жөн эле сөз. Эч кандай билим берилбейт, 40-50 балага. Союз убагында 22-25 бала окучу, бир класста. Азыр эми бул жакка келип, ошону айткандан коркуп атасыз. Кээ бир мектептер салынганы менен жөн эле турат. Андан көрө андай мектептерди жаап, анын ордуна автобус алып бергиле. Силер "муну жасап атабыз, аны жасап атабыз" деп эле отчет бересиңер кагаз түрүндө. Иш жүзүндө эч нерсе жок.

Бүгүн Жогорку Кеңеште Транспорт, коммуникация жана архитектуралык курулуштар боюнча комитет Билим берүү министрлигинин отчетун угууда. (KR)

XS
SM
MD
LG