Кыргызстанга 162 бала бакча жана 200 мектеп жетишпейт. Бул тууралуу бүгүн билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева Жогорку Кеңеште депутат Данияр Аттокуровдун суроосуна жооп берип жатып билдирди.
- Эгерде эки нөөмөттө миңден бала окуса да, 200дөй мектеп бизге тез арада керек. Андан тышкары 162 бала бакча куруу зарыл, - деди ал.
Бүгүн Жогорку Кеңеште Транспорт, коммуникация жана архитектуралык курулуштар боюнча комитет Билим берүү министрлигинин отчетун угууда. (KR)