Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

Кыргызстанда Көз каранды эмес телерадиокомпаниялар ассоциациясы түзүлдү


Кыргызстанда көз каранды эмес телерадиокомпаниялардын ассоциациясы басма сөз жыйынын өткөрдү.
Кыргызстанда көз каранды эмес телерадиокомпаниялардын ассоциациясы басма сөз жыйынын өткөрдү.

Кыргызстанда Көз каранды эмес телерадиокомпаниялардын ассоциациясы түзүлдү. Бул тууралуу "Азаттыкка" эл аралык "Интерньюс" уюмунун мазмун боюнча кеңешчиси Азамат Тынаев билдирди.

Жеке менчик телекомпаниялардын башын бириктирген ассоциациянын эң негизги максаты - Кыргыз Республикасынын телерадиотрансляция тууралуу мыйзамынын толук аткарылышын камсыз кылуу.

- Ассоциациянын эң негизги үч максаты бар, - деди Азамат Тынаев. - Биринчиси телерадиоберүү тууралуу мыйзамдын толук аткарылышын камсыз кылуу. Эң негизгиси - мамлекеттик тил боюнча балансты сактоо. Мыйзамда эки талап бар: "контенттин жарымы кыргыз тилинде чыксын" деген жана "жарымы телеканал өзү жасаган контент болсун" деген. Бирок аны сактабагандар көп. Эгерде кандайдыр бир телеканал ал талаптарды аткара албай турган болсо, анда эмнеге иштеп жатат?

Экинчи максаты - тележарнама рыногун иретке келтирүү. Бүгүнкү күндө өлкөнүн жарнама рыногунда монополиялык уюмдар пайда болуп калган. Алар өздөрүнүн шартын айтып, телеканалдардын колдорун кайрып, ошол шарттарга макул болгонго мажбурлап жатышат. Мындай көрүнүш бүт жарнама рыногуна кесепетин тийгизип жатат. Ошонун айынан телеканалдар өнүгө албай жатат. Мунун баары акчага такалган чоң маселе болуп атпайбы.

Үчүнчү максат - бул пираттык мазмунга каршы күрөш. Он телеканалдын тогузунда сөзсүз Батыштын кинолору көрсөтүлөт. Автордук укуктар бузулуп жатпайбы? Экинчиден ошол кинолорду кыргызчалаштырып мамлекеттик тилге которушпайт. Же мамлекеттик тилдин балансы каралбайт, же автордук укук жагы каралбайт.

Көз каранды эмес телерадиокомпаниялар ассоциациясын Маданият министрлигинин маалымат департаменти да колдоого алып, анын максатттарын ишке ашырууга көмөктөшө турганын да билдирди. (KR)

XS
SM
MD
LG