Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:17

Ошто айыл өкмөт башчысынын бир тууганы автомат менен кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ошто айыл өкмөт башчысынын бир тууганы автомат менен кармалды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ош шаардык милициясы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош шаардык милициясы ыкчам маалымат менен 32 жаштагы Мирбек Раимбековдун үйүн тинтүүгө алган учурда даараткананын артына бир метр тереңдикке көмүлгөн бир даана автомат 28 даана огу, эки магазини жана үн өчүргүчү менен табылган. Андан сырткары бир даана тапанча, бир даана карабин жана бир (цинк) яшикте автоматтын 362 огу чыккан. Үйүнөн бул куралдар табылган Мирбек Раимбеков аларды эки ай мурун таап алганын билдирген.

Мирбек Раимбеков - Кара-Суу районунундагы Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидиновдун бир тууган агасы. Мындан бир аз мурдарак ушул эле айыл өкмөт башчы Сайпидиновдун дагы бир агасы Нурбек Раимбеков каракчылык боюнча кармалган эле.

Мурдарак азыркы айыл өкмөт башчы Мунарбек Сайпидинов өзү да шайлоо учурунда атаандаш партиянын өкүлүн тапанча менен атып жибергени үчүн кармалып, кийинчерээк тараптардын жарашып алганына байланыштуу кылмыш иши кыскартылган. Ошол окуядан кийин Мунарбек Раимбеков фамилиясын Сайпидинов кылып өзгөрткөн. (YI)

XS
SM
MD
LG