"Азаттыктын" башкы редактору Бурулкан Сарыгулова "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" деген ардактуу наам алды.
Президент Сооронбай Жээнбеков 31-август - Эгемендик күнүнө карата "Мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий кудуретин өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн ар кайсы тармактарда иштеген 155 кишиге мамлекеттик сыйлыктар берилди.
Бурулкан Сарыгулова Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак айылында туулган. 1983-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университеттин журналистика бөлүмүн бүтүргөн. Алгачкы ырлары мектеп курагында жазылып, райондук, облустук, республикалык гезит-журналдарга, альманахтарга жарыяланып келген. 1988, 1990-жылдары “Токтогул”, “Алыкулдун ак боз ат” фестивалдарынын лауреаты болгон. “Сыр сандык”, “Жетелешкен жылдар” ыр жыйнактарынын автору.
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, “Эл агартуунун отличниги” сыйлыктарын алган.
Бурулкан Сарыгулова көп жылдан бери “Азаттык Медиа” мекемесинин (“Азаттык” радиосунун) баш редактору кызматын аркалап келе жатат.