Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:22

Армения Азнавурду акыркы сапарга узатканда аза күтөт


Шарль Азнавур Париждин Олимпиада сарайындагы концерт маалында. 16-ноябрь, 1972-жыл.
Шарль Азнавур Париждин Олимпиада сарайындагы концерт маалында. 16-ноябрь, 1972-жыл.

Шарль Азнавурду акыркы сапарга узатуу күнүндө Арменияда аза күтүү жарыяланат. Бул тууралуу Армениянын премьер-министри Николь Пашинян билдирди. Франциялык даңазалуу ырчы, актер, улуту армян Азнавур дүйшөмбүдө 94 жашында көз жумду. Маркум качан жерге берилери азырынча белгисиз. Улгайып калганына карабай гастролдорун токтотпогон шансонье бир нече күн мурун Жапониядан кайтып келген. Май айында ийинин кокустатып алып, жайында бир катар өлкөлөрдөгү концерттери болбой калган эле.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон "Твиттер" баракчасына ырчыны “армениялык тамырларына байланган, атагы бүт дүйнөгө тараган чыныгы француз” деп сүрөттөдү жана “француз эли армян эли менен бирге аза күтүүдө” деп жазды.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян бул күн “армян элинин жана өлкөнүн тарыхындагы кайгылуу күн болуп калганын” айтты.

Артист тарыхый мекени менен байланыштарын үзбөй, Арменияга көп жардам берип келген.

Өмүрүнүн дээрлик 80 жылын чыгармачылыкка арнаган Азнавур бир миңден ашуун ырдын автору, 60тан көп фильмге тартылган.

XS
SM
MD
LG