Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:01

Грузияда абактагы экс-премьер ооруканага которулду


Вано Мерабишвили Грузиянын ички иштер министри болуп турган кезинде журналисттердин суроолоруна жооп берип жаткан учуру. 7-декабрь, 2012-жыл.
Вано Мерабишвили Грузиянын ички иштер министри болуп турган кезинде журналисттердин суроолоруна жооп берип жаткан учуру. 7-декабрь, 2012-жыл.

Грузиянын мурдагы өкмөт башчысы жана ички иштер министри Вано Мерабишвили ден соолугуна байланыштуу түрмөдөн жалпы ооруканага которулду. Анын адвокаты Стефан Туманишвили соңку эки айда Мерабишвили саламаттыгына байланыштуу бир нече жолу жалпы ооруканага жатып, кайра абакка которулганын билдирди. Экс-премьер "2016-жылы депутат Валерий Гелашвилини сабоого буйрук берген" деп айыпталып, алты жарым жылга кесилген.

Мерабишвили 2005-жылы Гелашвили сабалганда ички иштер министринин кызматында болчу. Ал өзү да, колдоочулары да бул айыпты четке кагып, анын “саясий жүйөсү” бар экенин айтышкан.

48 жаштагы Мерабишвили 2003-жылдагы "Роза ыңкылабында" негизги фигуралардан болгон жана 7 жыл ички иштер мекемесин жетектеп турган. Ал Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвилинин жакын санаалаштарынын бири болгон.

Саакашвили быйыл февралда Киевдеги ресторандан кармалып, учакка күчтөп салынып, Польшага депортацияланган. Андан ары Голландияга барып, ошол жакта туруктуу жашоого уруксат алган.

XS
SM
MD
LG