Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:05

АКШ орустардын тыюу салынган ракеталарын жок кыларын эскертти


АКШнын НАТОдогу элчиси Кей Бейли-Хатчинсон. 2-октябрь, 2018-жыл.
АКШнын НАТОдогу элчиси Кей Бейли-Хатчинсон. 2-октябрь, 2018-жыл.

АКШ “Орто жана кыска аралыкка учкан ракеталарга тыюу салуу жөнүндө" келишимди бузганы үчүн Орусиянын ракеталарын жок кылат. Бул тууралуу АКШнын НАТОдогу элчиси Кей Бейли-Хатчинсон билдирди. Ал Москваны тыюу салынган ракеталык куралдарды жасоону токтотууга үндөдү.

Америкалык элчи эгер Орусия ага көнбөсө, "америкалык аскерлер орустардын ракеталык системасы ишке кирерден мурун жок кыларын" эскертти. Бул тууралуу “Reuters” агенттиги кабарлады.

Агенттик элчинин “биздин өнөктөш болгон кайсы гана өлкөгө болбосун коркунуч келтирген [орустардын] ракеталарын жок кылуунун жолдорун карап жатабыз” – деген сөзүн жазды.

1978-жылы АКШ менен СССРддин ортосунда түзүлгөн келишим жерде 500 чакырымдан жогору аралыкка жеткен ракеталарды жасоого жана колдонууга тыюу салат.

Кийинки жылдары америкалыктар Москвага бул келишимди бузуп жатканы үчүн бир нече ирет доомат арткан.

Пентагон жаңы ракеталарды өркүндөтүүгө каражат алды. АКШнын аскердик жетекчилери жерде туруп 500дөн 5000 чакырымга жете турган ракета чыгаруу зарыл экенин айтып келишет.

XS
SM
MD
LG