Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын тарапкерлери парламенттин имаратынын алдына чогулуп, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү талап кылып жатышат.
Пашинян митингде сөз сүйлөп, Улуттук жыйынга барып, парламенттик фракциялар менен сүйлөшө турганын билдирди. Ал кризистен чыгыш үчүн премьер-министрликтен кетерин, ал эми Улуттук жыйын эки жолу өкмөт башчыны шайлай албай калса, Конституция боюнча тарай турганын айтты. Андай болгон учурда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтүшү керек. Бул тууралуу "Азатутюн" радиосу кабарлады.
Армениянын Улуттук жыйыны 2-октябрда кезексиз жыйынынга чогулуп, парламентти таратууну алдын алган мыйзам кабыл алган. Мындай өзгөртүүнү парламенттеги үч фракция, Республикалык партия, “Дашнакцутюн” жана “Царукян” блогу колдогон. Пашинян мыйзамдагы бул оңдоп-түзөөнү колдогон депутаттарды жана саясий күчтөрдү “контрреволюционерлер” деп атады.
Шейшемби күнү кечинде Еревандын Баграмян проспектисине бул өзгөртүүлөргө каршы чыккан тарап чогулуп, парламенттин кире бериши тосулду.
ВВСнин маалыматына караганда, шейшемби кечинде Пашинян “Өнүккөн Армения” жана "Дашнакцутюн” партияларынан дайындалган министр, губернаторлорду кызматтан алууга буюрган. Ушул эле кечинде Армениянын президенти Армен Саркисян аталган партиядан барган министр, губернаторлорду кызматтан алган жарлыкка кол койду.
Соңку маалымат боюнча, Баграмян проспектине чогулгандар парламенттин аймагына кирип барганы кабарланууда. Алар "Эркин, эгемен Армения!" деп кыйкырып турушту.
Пашинян президенттин жарлыгы күчүнө кирери менен кызматтан кетерин жана премьер-министрдин милдетин аткарып каларын билдирди.