Бишкекте Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЕККУ ПА) күзгү жыйыны башталат.
Анда Борбор Азиянын жана анын тышындагы аймактардын коопсуздугу талкууланат. Жыйынга Европа, Азия жана Түндүк Американын 57 мамлекетинен 300дөн ашуун парламент өкүлдөрү катышат.
3-октябрда “Ала-Арча” резиденциясында өтө турган ЕККУ ПАнын ачылыш аземине президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, Парламенттик ассамблеянын төрагасы Георгий Церетели катышат.
4-октябрда “Дамас” мейманканасында “Борбор Азия жана анын тышындагы аймактардын коопсуздук чөйрөсүндөгү диалогун колдоо” деген темада парламенттик конференция өтөт. Андан тышкары, иш-чаралардын акыркы күнү келген меймандар кыргыз кол өнөрчүлөрүнүн көргөзмөсүнө катышат.
ЕККУ ПАнын жыйыны алгач ирет Кыргызстанда өткөнү жатат. Жыл сайын ар башка өлкөлөрдө өтүп келген жыйындарда парламенттер ортосундагы кызматташтыктан баштап, эл аралык деңгээлдеги саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы алакалар талкууга алынат. (КЕ)