Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:40

“Көчмөндөрдүн балдары” аттуу даректүү тасма тартылат


Көчмөндөр оюндарына 2000ден ашуун ыктыярчы катышып, спортчуларга, туристтер менен көрүүчүлөргө жардам беришти.
Көчмөндөр оюндарына 2000ден ашуун ыктыярчы катышып, спортчуларга, туристтер менен көрүүчүлөргө жардам беришти.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу, конокторду тосуу жана башка иштерде кол кабыш кылган ыктыярчылар тууралуу даректүү тасма тартылат.

Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткөрүү катчылыгынын өкүлү, ыктыярчылар менен иштеген координатор Союзбек Надырбеков “Азаттык” радиосуна билдирди:

- Көрүнбөгөн фронттун баатырларынын эмгегин баалоо жана калың журтка көрсөтүү максатында “Көчмөндөрдүн балдары” аттуу даректүү тасма тартылууда. Тасманы катчылыктын сунушу менен “Марк Твейн” компаниясы тартып жатат. Режиссеру Адилет Дубаев.

Тасма октябрдын аягында коомчулукка тартууланып, ыктыярчылар алкыш баракчасы менен сыйланат. Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-8-сентябрда Ысык-Көлдө өттү. Расмий маалыматка караганда, аны көрүш үчүн Кыргызстанга 70 миңге жакын чет элдик туристтер келген. Оюндарга 74 өлкөдөн 3 миңге жакын спортчу катышты. ​Жалпысынан 2 миңден ашуун ыктыярчы тартылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG