Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:04

Бишкектин мэри “Кыргызтесттен” сынак тапшырбайт


Мэр Суракматов жыйналыш өткөрүп жаткан учуру. 18-август, 2018-жыл.
Мэр Суракматов жыйналыш өткөрүп жаткан учуру. 18-август, 2018-жыл.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов азырынча кыргыз тилин билгени боюнча “Кыргызтесттен” сынак тапшырбайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев билдирди. Ал учурда калаада чечиле турган маселелер көп болгонуна байланыштуу мэрдин тест тапшырууга убактысы жок болуп жатканын кошумчалады.

- Мэр кыргыз тилин билүү сынагынан өткөн. Шаардык кеңеш бекитип, премьер-министр кол койгон. Баары мыйзамдуу. БШК “"Кыргызтесттен” өтсөңөр да болот, өзүңөр билесиңер" деп сунуш кылган. Азыр убактысы жок, балким бир жыл, балким 7-8 айдан кийин өтөт. Азырынча ишибиз көп.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) “Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов жана Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев “Кыргызтесттен” өтүшү керек” деген журналист жана жарандык активист Канышай Мамыркулованын арызын карап, тестирлөөдөн өтүүнү сунуш кылган токтом кабыл алган. Сунуштама Бишкек мэриясына түшкөнүн, учурда ал каралып жатканын мекеменин басма сөз кызматы “Азаттыкка” кабарлаган.

Канышай Мамыркулова Бишкек шаарынын мэрлик кызматына талапкерлиги көрсөтүлгөн Азиз Суракматовдун мамлекеттик тил боюнча сынагы мыйзамсыз өткөнүн айтып, сотко да арызданган. Журналисттин жүйөсүндө, өкмөттүн 2017-жылдын 13-июлундагы №430 токтомунун негизинде, сынакты окумуштуулардан турган комиссия эмес, “Кыргызтест” өткөрсө мыйзамдуу болмок.

31-июлда жалгыз талапкер Азиз Суракматов тил боюнча сынактан өтүп, комиссия бир добуштан “ал кыргыз тилин билет” деген чечим чыгарган. Бирок анын “эл”, “шаар” деген сөздөрдү ката жазганы тууралуу маалымат Интернетке тараган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG