Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:35

Беларус Данияр Үсөнов боюнча Башкы прокуратурага жооп бере элек


Өзүн Даниил Урицкий деп тааныштырган адам (ортодо).
Өзүн Даниил Урицкий деп тааныштырган адам (ортодо).

Беларус мурдагы премьер-министр, азыр издөөдө жүргөн Данияр Үсөнов тууралуу Кыргызстандын Башкы прокуратурасына жооп бере элек.

Башкы көзөмөл органынын басма сөз катчысы Наргиза Куватованын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, беларус медиасы 27-июлда Кыргызстандын мурдагы премьер-министри, издөөдө жүргөн Данияр Үсөновго коёндой окшош кишинин сүрөттөрүн жарыялаган.

Сүрөттөр “Беларус улуттук биотехнология корпорациясы” (БНБК) жабык акционердик коомуна өндүрүш жайларынын курулушун расмий баштоо аземинде тартылган. Анда Үсөновго окшош киши өзүн Даниил Урицкий деп тааныштырып, бирикменин директору болорун билдирген.

2018-жылдын 6-мартында Беларустун Башкы прокуратурасы кыргыз тараптын өтүнүчүн четке каккан. Бирок Башкы прокуратура бул боюнча иш жүргүзүүнү улантып жатканын билдирген.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги да өлкөнүн мурдагы премьер-министри Данияр Үсөновдун Даниил Урицкий деген ысым менен чыгып, Беларустун расмий бийлик өкүлдөрү менен чогуу коомдук иш-чараларга катышып жүргөнү тууралуу Минскке нота жөнөткөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG