Тажикстанда кайрадан электр энергиясына карата тариф жогорулап, бир киловаттын баасы дээрлик 20 дирамга жетет. Өкмөттүн тиешелүү токтомуна 25-сентябрда кол коюлду.
Документке ылайык, 1-ноябрдан тартып электр энергиясы үчүн жаңы тариф киргизилип, 1 киловаттын баасы 19,37 дирамга чейин жогорулайт. Учурда калк жарыктын бир киловатты үчүн 16,85 дирамдан төлөйт.
Тажикстанда электр энергиясынын баасы Дүйнөлүк банктын сунушу менен жылына эки жолудан 20 пайызга жогорулап турат. Электр энергиясына карата тарифтерди акырындык менен көтөрүү тууралуу меморандумга тажик өкмөтү менен Дүйнөлүк банк 2006-жылы, өлкөнүн энергетика тармагынын кирешесин арттыруу максатында кол коюшкан.
Өлкөнүн Энергетика жана суу ресурстары министрлиги сунуш кылып, өкмөт жактырган программага ылайык, калк үчүн электр энергиясына болгон тарифтер алдыңкы үч жыл ичинде болжол менен жылына эки дирамдан жогорулап, 2020-жылы бир киловаттын баасы 20 дирамга чейин жетет.
Мурдараак «Барки точик» энергохолдингинин өкүлү Мирзо Исмоилзода тарифтер «электр объектилеринин иштеп туруусун камсыздоо максатында» жогорулап жатканын айткан.