Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:47

Бишкекте кыргыз-казак бизнес-форуму өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

3-октябрда Бишкек шаарында өтө турган кыргыз-казак бизнес форумуна машине куруу, курулуш, азык-түлүк жана медицина тармагындагы казакстандык фирманын өкүлдөрү келет.

Ага эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле атамекендик ишкерлер да катышат. Бизнес-форумдун алкагында эки тараптуу жолугушуу өтүп, соода тармагында өз ара кызматташтык талкууланат. Иш-чараны Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы жана Казакстандын Экспорт боюнча улуттук агенттиги уюштурган.

Эки өлкөнүн товар алмашуусу 500 млн. долларды түзөт. Былтыркы бизнес форумдун жыйынтыгы менен эки өлкөнүн ишкерлери 11 млн. долларлык келишим түзүшкөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG