Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:23

Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлору дайындалды


(Солдон оңго) Кубат Абдураимов, Темирбек Бекмаматов.
(Солдон оңго) Кубат Абдураимов, Темирбек Бекмаматов.

Кечээ Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлору дайындалды. Башкы прокурордун буйругу менен Бишкектин прокурору болуп Темирбек Бекмаматов дайындалса, Ош шаарына прокурор болуп Кубат Абдураимов барды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Башкы прокуратуранын басма сөз өкүлү Наргиза Кубатова кабарлады.

Темирбек Бекмаматов мурда башкы прокурордун орун басарлык кызматын аркалаган. Бул кызматтан ал 2015-жылдын башында Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен алынган. Ал Ош облусунун Алай районунда туулган.

Ал эми Чүй облусундагы Аламүдүн районунун мурдагы прокурору Кубат Абдураимов Ош шаарына прокурор болуп барды. Наргиза Кубатованын айтымында, мындай кадр алмашуу прокуратурадагы аймактык интеграция саясатына ылайык жүргүзүлүүдө.

XS
SM
MD
LG