Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:33

72 бала бакчанын имаратын мекемелер ээлеп турат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 72 бала бакчанын имаратында түрдүү мамлекеттик органдар иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Ренат Тулебердиев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин прокуратура органдарынын кийлигишүүсүнөн кийин 89 имарат кайра бала бакчаларга кайтарылып берилген. Учурда 6 имарат боюнча соттук териштирүү жүрүп жатат.

Кыргызстанда бала бакча тартыштыгы - эң көйгөйлүү социалдык маселелердин бири. Совет учурунда курулган бала бакчалардын айрымдары менчиктештирүү убагында жеке колго өтүп кеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG