Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:44

Токон Мамытов “Саясий туткундарды коргоо” комитети менен иштешүүгө даяр


Токон Мамытов жана Зульфия Марат
Токон Мамытов жана Зульфия Марат

Кыргызстандын жаңы акыйкатчысы Токон Мамытов эгерде “Саясий туткундарды коргоо” комитетинен мыйзамга дал келген, туура сунуштар болсо аны колдойт жана биргеликте иштешүүгө даяр. Бул тууралуу бүгүн акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамытов шейшемби күнү аталган уюмдун өкүлү Зульфия Маратты кабыл алды.

Зульфия Марат учурда камакта жаткан саясатчылар Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков, Бекболот Талгарбеков, Толубай Колубаев, Марат Султанов, Александр Гусев жана Тойгонбек Калматов боюнча маселе көтөрүп, аларды УКМК мыйзамсыз камаганын билдирди. “УКМКнын мурунку жетекчиси жана мурдагы башкы прокурор коомчулукту гана эмес, мамлекет жетекчилерин да жаңылыштыкка алып келген” деп айтты Марат.

Жогорудагы саясатчылар “бийликти басып алууга аракеттенди" деп соттолгон.

Токон Мамытовду акыйкатчы кылып Жогорку Кеңеш өткөн аптада шайлаган. (RK)

XS
SM
MD
LG