Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:45

Жалал-Абад мэриясы митинг өткөрүүгө уруксат бербей койду


Жалал-Абад шаарынын кире бериши.
Жалал-Абад шаарынын кире бериши.

Жалал-Абад шаарынын мэриясы калаанын борборунда митинг уюштурууга уруксат сурап кайрылган тургундардын өтүнүчүн четке какты.

Вице-мэр Майрамбек Адылбеков шаардын айрым көчөлөрүндө оңдоо иштери жүрүп, жүргүнчүлөргө тоскоолдук жаратып жаткан чакта борбордук Эркиндик аянтын да тосуп митинг өткөрүүгө уруксат берилбегенин айтты:

- Бизге кайрылган жашоочулар эмне максатта чогулуп жатканын так билдиришкен эмес. Ошол себептүү азырынча шаар сыртындагы Телтору ат майданында өткөрүүнү гана сунуштадык, – деди Адылбеков.

Тынчтык митингин уюштуруучулардын бири, ооган согушунун ардагери жана жарандык активист Акылбек Султанбаев “Азаттыкка” билдиргендей, алар Жогорку Кеңештин депутаттарынын ишине нааразылык билдирүү, Конституцияны өзгөртүү боюнча кол топтоо максатында чогулмакчы болгон.

Кечээ 2-октябрда шаардын борбордук аянтына чогулуп жаткан 5-6 адамды милиция таратып, колундагы плакаттарын айрып таштаганын Султанбаев кошумчалады.

Ички иштер башкармалыгы азырынча маалымат бере элек. (RsK)

XS
SM
MD
LG