Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:52

Жалал-Абад аэропортунун айынан шаарда көп кабаттуу имараттар курулбай жатат


Жалал-Абад аэропортунун картасы.
Жалал-Абад аэропортунун картасы.

Шаардын ортосунда, калктуу конуштардын арасында жайгашкан Жалал-Абад аэропортунан улам калаада көп кабаттуу имараттардын курулушу токтоп турат. Бул тууралуу шаардын биринчи вице-мэри Майрамбек Адылбеков “Азаттыкка” билдирди.

- Кыргыз Республикасынын Аба кодексине киргизилген өзгөртүүгө ылайык аэропорттун учуп-конуу тилкесинен 2 миң метр аралыкка чейин эки кабаттуу имаратарды курууга тыюу салынган. Курулуш жүргүзүүгө Жарандык авиация департаментинен уруксат алуу талап кылынууда. Анын кесепетинен учурда калаада көп кабаттуу 3 үйдүн, УКМК кызматкерлерине салынат деген турак жайдын, “Кыргыз Петролеум ” компаниясынын 14 метр бийиктиктеги баннеринин курулуштары токтоп турат. Мындан сырткары Көк-Арт кичи районунда, Аэропорт участкасында курулган көп кабаттуу 3 үйдүн документтери бүтпөй, пайдаланууга бериле элек, – деди Адылбеков.

1990-жылы Кыргыз ССР авиация агенттиги тарабынан Жалал-Абад аэропорту комиссиялык текшерүүгө алынып, жыйынтыгында учактарды кабыл алууга жараксыз деп табылган. 1970-2008-жылдагы шаардын башкы планына да аэропорт жайгашкан аймак түшүрүлгөн эмес. Ушундан улам шаардын жетекчилиги кыргыз өкмөтүнө жана тийиштүү тараптарга аэропортту сыртка көчүрүү же Аба кодексине кайрадан өзгөртүү киргизүү өтүнүчү менен кайрылды.

Жалал-Абад аэропорту 1975-жылы курулган. Жумасына 3 ирет Бишкек-Жалал-Абад-Бишкек багыты боюнча каттамдар жүрүп турат. Сентябрь айынан тартып авиа каттамдар азайганы байкалат. (RsK)

XS
SM
MD
LG