Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:16

Конституциялык палата экс-президенттин кол тийбестиги тууралуу кайрылууга жооп кайтарды


Юрист Нурбек Токтакунов.
Юрист Нурбек Токтакунов.

Бүгүн Кыргызстандын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы экс-президенттин кол тийбестигин алып салуу тууралуу укук коргоочу Нурбек Токтакуновдун өтүнүчүн карап, аны жарым-жартылай канааттандырды. Бул тууралуу ал өзү "Азаттыкка" кабарлады.

Буга чейин Нурбек Токтакунов Конституциялык палатага "Президенттин ишмердигинин кепилдиктер жөнүндөгү" мыйзамдын нормаларын Баш мыйзамга каршы келет деп таануу өтүнүчү менен кайрылган. Аталган норма экс-президенттердин кол тийбестигин шартсыз түрдө камсыздайт.

Бүгүн Конституциялык палата Токтакуновдун өтүнүчүн карап, сөз болуп жаткан мыйзамдын 12-беренесин Конституцияга каршы келет деп таап, бирок анын себебин кол тийбестиктен ажыратуу процедуралары каралбай калганы менен негиздеди. Токтакуновдун айтымында, ал өз кайрылуусунда кол тийбестикти таптакыр алып салууну өтүнсө, Конституциялык палата "кол тийбестик керек, бирок ага кошуп кол тийбестиктен ажыратуу процедуралары да каралсын" деген мааниде бүтүм чыгарган.

- Конституциялык палата бүгүн татаал чечим чыгарды. Эгер аны жалпак тил менен түшүндүрсөк, ал "экс-президенттин кол тийбестигин алып салуу процедурасы импичменттин процедурасынан жеңил болбош керек" деген бүтүм чыгарды. "Ал эми ал процедуралады Жогорку Кеңеш аныкташы керек" деп, жоопкерчиликти кыйыр түрдө парламентке жүктөп койду, - деди укук коргоочу.

Мындай чечимге юрист өзү "жоктон көрө жогору" деген баа берди. (KR)

XS
SM
MD
LG