Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:34

Орусиянын Федерация Кеңеши пенсия курагын көтөрүүнү колдоду


Москвада пенсия реформасына каршы чыккандар. 22-сентябрь, 2018-жыл.
Москвада пенсия реформасына каршы чыккандар. 22-сентябрь, 2018-жыл.

Федерация Кеңеши Орусияда пенсия курагын көтөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун жактырды. 149 депутат колдоп добуш берсе, бешөө “каршы” жана үчөө “калыс” болду.

Мыйзам долбоорунун акыркы редакциясына ылайык, Орусияда аялдардын пенсия курагы 55тен 60ка көтөрүлөт.

Буга чейин Мамлекеттик Дума өкмөттүн демилгесине ылайык, аялдардын пенсия жашын 63 жашка, эркектердикин 65 жашка көтөрүүнү караган мыйзам долбоорун биринчи окуудан июль айында жактырган.

Президент Владимир Путин 29-августтагы телекайрылуусунда талаштуу пенсия реформасы жумшартыларын жарыялаган. Путин аялдардын пенсияга чыгуу курагын сегиз эмес, беш жылга көтөрүүнү сунуш кылган.

Орусияда пенсия реформасына каршы нааразылык акциялары быйыл жайдын башынан бери өтүп келатат.

XS
SM
MD
LG