Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:27

Путин Скрипалды “саткын” жана "бузуку” деп атады


Орусиянын президенти Владимир Путин Москвада өткөн энергетика боюнча форумда сүйлөп жаткан учур. 3-октябрь, 2018-жыл.
Орусиянын президенти Владимир Путин Москвада өткөн энергетика боюнча форумда сүйлөп жаткан учур. 3-октябрь, 2018-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин Чалгын башкармалыгынын мурдагы кызматкери жана Британиянын чалгын агенттигинин тыңчысы Сергей Скрипалды “саткын” жана “бузуку” деп атады.

Путин бул тууралуу Москвада өтүп жаткан энергетика боюнча форумда Солсбери шаарында Скрипаль кызы Юлия менен ууландырылгандан кийинки Орусияга салынган санкциялар жөнүндө суроого жооп берип айтты. “Айрымдар Скрипалды укук коргоочу деп ийгенге чейин барышты. Ал – мекенин саткан тыңчы” деди Путин. Залда отургандар анын мындай сөзүн колдоп кол чабышты.

Путиндин айтымында, Скрипаль менен анын кызынын ууланышынын тегерегиндеги “тыңчылардын чыры атайылап көбүртүп-жабыртылып” жатат.

Ал ошондой эле мурдагы тыңчынын ууландырылышына Орусиянын тиешеси бар экенин дагы бир жолу четке какты. “Британияга бир эркектер келип, селсаяктарды ууландыра баштадыбы? Бул эмне деген кеп?” – деген Путин Солсбериде “Новичоктун” калдыгынан ууланып көз жумган британ жараны Дон Стержесстин өлүмүн ишарат кылды.

Путин буга чейин Британия кылмышка шектүү деп эсептеген Александр Петров менен Руслан Бошировду "жөнөкөй жарандар" деп ырастаган.

"Bellingcat" менен "The Insider" иликтөө агенттиктери Руслан Бошировдун чыныгы аты Анатолий Чепига экенин таап чыккан. Иликтөөчүлөрдүн пикиринде, Руслан Бошировдун өз аты-жөнү Анатолий Чепига. Ал Орусиянын Чалгын башкармалыгынын полковниги жана 2014-жылы "Орусиянын баатыры" наамын да алган.

XS
SM
MD
LG