Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:00

“Жол эрежесин сактайм” аттуу улуттук акция өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигине караштуу Жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы Темир Жумакадыров атындагы “Pro Lex” коомдук фонду менен бирге “Жол эрежесин сактайм” (#жолэрежесинсактайм) аттуу жалпы улуттук акция өткөрөт.

Иш-чаранын максаты - жол эрежесин сактоо, кырсыктардын алдын алуу жана жолдо жүрүүнүн жол-жобосун коомчулукка көрсөтүп берүү.

“Жол коопсуздугу адам үйдөн чыкканда башталат. Ошол убактан тартып ар бир адам жол коопсуздугу системасынын бир бөлүгү болуп эсептелет. Ошондуктан ар бир адам жолдо өзүн кандай алып жүрүшү өтө маанилүү”, - дешет уюштуруучулар. Акцияга катышуучулардан арыздар 10-октябрга чейин кабыл алынат. Анын жыйынтыгы 18-ноябрь - Жол кырсыгында каза болгондорду эскерүүнүн эл аралык күнүндө жарыяланат.

Жол эрежелерине өзгөртүү киргизүү тууралуу өкмөттүн токтомунда Кыргызстанда акыркы беш жылда балдар кабылган 7 миңден ашуун жол кырсыгы катталганы айтылган. Анда жалпысынан 582 бала каза болгон. Андан бери дагы 8 294 бала ар кандай жараат алган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG