4-октябрда баштала турган III Эл аралык Ысык-Көл форуму бул жолу “Чыңгыз Айтматов жана азыркы замандын коркунучтары” деп аталат. Маданият маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Султанбаеванын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, ага 28 өлкөдөн 100дөн ашуун конок катышат. Шеринеге ТҮРКСОЙ жана ЮНЕСКО эл аралык уюмдарынын өкүлдөрү жана Кыргызстандын президенти катышат. Бейшембиде алар Айтматовдун үй-музейине жана "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барышат.
Форум 7-октябрга чейин уланып, Айтматовдун ааламы, экологиялык чөйрө жана коопсуздук, азыркы дүйнөдөгү маданий өзгөчөлүктөр тууралуу талкуулар өтөт.
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов Ысык-Көл форумун өткөрүү туурасында 1986-жылы демилге көтөргөн.
Шеринеге алгачкы форумду Чыңгыз Айтматов менен чогуу уюштуруп, жазуучунун жанында жүргөн коомдук ишмер Рустем Хаиров, казак акыны жана жазуучусу Мухтар Шаханов, италиялык кинорежиссер, Монголиянын мурдагы президенти катышат. (КЕ)