Бишкек мэриясы жыл этегине чейин 50-60 жаңы автобус сатып алат. Буга шаардык бюджеттен 382 млн. 577 миң сом бөлүндү. Бул тууралуу “Азаттыкка” мэрдин коомдук кеңешчиси Гуля Алмамбетова билдирди. Анын айтымында, коомдук транспортту алыш үчүн жакынкы күндөрү тендер жарыяланат.
Газ менен жүрүүчү автобустун баасы орто эсеп менен алганда 110-140 миң доллар болору айтылууда. Баа маселеси тендерде аныкталат. Учурда 150 автобус иштеп жатат, 125и оңдолууда.
Бишкек шаарын толук камсыз кылыш үчүн 800гө жакын автобус талап кылынат. (КЕ)