Расмий Бишкек Кыргызстанда Ооганстан боюнча талдоочу-изилдөөчү борбор ачууну сунуш кылат. Бул тууралуу бүгүн Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЕККУ ПА) жыйынында сүйлөп жатып тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев билдирди.
Өлкөнүн башкы дипломаты белгилегендей, бул идея мурда эле айтылган, бирок башка өнөктөштөрдөн колдоо таппай келген.
- Бизге Ооганстан боюнча талдоо жүргүзүүчү изилдөөлөр борбору керек. Ал бейтарап талдоо жүргүзүп, ЕККУнун курамындагы өлкөлөрдү маалымат менен камсыз кылышы зарыл. Мындай борбор ачыш үчүн Кыргызстандан, Бишкектен жакшы жер жок. Борборазиялык да, эл аралык да эксперттер бул аянтчадан пикир алмашып турмак.
Бүгүн Бишкекте ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын жыйыны өтүүдө. Анда Борбор Азияда коопсуздукту камсыз кылыш үчүн диалогду күчөтүү маселеси талкууланууда.
Эрлан Абдылдаев кийинки жылы Ооганстанда парламенттик жана президенттик шайлоо өтөрүн эскертип, чөлкөмдөгү коопсуздук маселелерине жакшылап көңүл буруу керек экенин белгиледи. (KR)