Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов облус жана район деңгээлиндеги башкаруу түзүмдөрүн жоюш керек деп эсептейт. Мындай пикирин ал бүгүн парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып билдирди.
- Алар тасма кесишет, жогорку кызматтагы аткаминерлерди тосуп алып, кайра узатат, шайлоолордо бийликтин саясатын жүргүзөт. Аларды жоюп таркатыш керек!, - деди депутат.
Кыргызстанда 44 район акими жана ар бир облуста өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү бар.
Алтынбек Сулайманов аларда маселелерди өз алдынча чечүү рычагы жок экенин айтып, “андан көрө жоюп, айыл өкмөттөрүн күчөтүш керек” деген сунушун айтты. (RK)