Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:56

Токтогулда 22 чакырымдагы линиянын электр зымы алмаштырылып жатат

Сүрөт “Жалалабадэлектро” ишканасыныкы.
Сүрөт “Жалалабадэлектро” ишканасыныкы.

Токтогул районундагы 22 чакырым “Үч-Терек-Өзгөрүш” линиясындагы электр зымы алмаштырылып жатат.

“Жалалабатэлектро” ишканасынын басма сөз кызматы билдиргендей, Ас 50 зымы АС 90 кубаттуулугундагы жаңысына ооштурулат.

Аталган линия 1969-жылы курулуп, күз-кыш айларында авариялык абалга себеп болуп келген. Учурда иштин дээрлик 70% аяктап калды.

Жумуш аяктаса, Үч-Терек, Кызыл-Ураан, Жетиген, Өзгөрүш айылдарындагы 4474 үй-бүлө үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз болот.

Электр зымдарын оңдоого Токтогул, Исбаскент, Ала-Бука райондук электр тармактарынын жана “Жалалабадэлектро” ишканасынын адистери тартылган. (RsK)

XS
SM
MD
LG