Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:14

Кытайлык туристтерди Кыргызстанга визасыз киргизүү жөнүндө сунуш айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова Кытайдан келүүчү туристтик топтор үчүн визасыз тартип киргизүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу ал бүгүн парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып айтты.

Депутат дүйнө жүзүндө туристтердин 30% кытайлар түзөрүн айтып, Казакстан менен Орусия 15 жылдан бери Кытайдан туристтерди визасыз тартипте кабыл алуу жолу менен иштеп келе жатканын кошумчалады:

- Булар туристтерди топ-тобу менен визасыз тартипте кабыл алып иштеп келе жатышат. 30-50 турист келет да, ошол туристтик компания алардын баарынын чыгып кетишине жоопкерчилигин алып, туристтик жайларга алып барып, кайра узатып коет. Ошол компаниялардын жоопкерчилиги абдан жогору. А биз эмне үчүн ушунча мүмкүнчүлүктү колдонбойбуз?

Мавлянова Кыргызстандын миграция жана атайын кызмат мекемелери кытайлык туристтерди бул жакта калып калчу, кылмышкер адам катары карап жатышканын белгилеп, бирок алардын кайра чыгып кетишин камсыз кылса “абдан жакшы көйгөй” чечилерин айтты.

Мамлекеттик чек ара кызматынын расмий маалыматына караганда, 2016-жылы Кыргызстанга 2,9 млн. чет өлкөлүк турист келип кеткен.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Мамлекеттик миграция кызматы депутаттын айткандарына азырынча комментарий бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG