Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:24

Ингушетияда Чеченстан менен жер алмашууга каршы митинг чогулду


Магас шаарындагы нааразылык акциясы. 4-октябрь, 2018-жыл.
Магас шаарындагы нааразылык акциясы. 4-октябрь, 2018-жыл.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Түндүк Кавказ кызматы кабарлагандай, бүгүн Ингушетиянын борбору Магаста Чеченстан менен жер алмашууга каршы болгондордун акциясы өтүп жатат. Акциянын катышуучулары парламенттин алдында чогулушкан.

Ингушетиянын Өкмөттүк эмес уюмдарынын координациялык кеңешинин төрагасы Магомед Муцольговдун айтканына караганда, бүгүнкү нааразылык акциясына 6 миңдей киши жыйналган. Алар менен республика башчысы Юнус-Бек Евкуров жолугууга аракеттенген учурда демонстранттар кыйкырып, бөтөлкө ыргытылган. Мындан улам сакчылар асманга ок атышкан.

Быйыл 26-сентябрда Ингушетия менен Чеченстандын башчылары: Юнус-Бек Евкуров менен Рамзан Кадыров эки аймак ортосундагы чек араны бекитүү боюнча келишимге кол койгон.

Ингушетияда буга каршы нааразылык акциялары өткөн айдын соңунда эле башталган. Активисттер келишим Ингушетия үчүн пайдасыз деп эсептешет.

4-октябрда аймактык парламент Чеченстан менен жер алмашууну караган макулдашууну жактырды. Бирок Ингушетиянын Конституциялык соту буга каршы чыкты.

Соттун төрайымы Аюпа Гагиева жарыялаган бүтүмдө Ингушетиянын мыйзамдары боюнча республика аймагынын бир бөлүгүн Орусиянын башка субъектисине берүү референдум аркылуу гана ишке ашырылышы керек. Соңку нааразылык акцияларына байланыштуу Ингушетиянын аймагында 3-октябрдын кечинен тартып Интернет да өчүрүлгөнү да кабарланууда. (UE)

XS
SM
MD
LG