Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Март, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:53

Кытайдын камагындагы казактардын туугандары Германиядан жардам сурашты


Германиянын Алматыдагы консулдугуна келгендер. 4-октябрь, 2018-жыл.
Германиянын Алматыдагы консулдугуна келгендер. 4-октябрь, 2018-жыл.

Туугандары Кытайда “саясий кайра тарбиялоо лагерлеринде” отурган казакстандыктар Германиянын жетекчилигине жалпы кайрылуусун тапшырыш үчүн бүгүн бул өлкөнүн Алматы шаарындагы башкы консулдугуна барышты.

Алар Германиянын канцлер Ангела Меркел баштаган жетекчилигинен Кытайдын камагындагы туугандарын бошотууга жардам берүүнү өтүнүшүүдө.

Бүгүн Германиянын Алматыдагы башкы консулдугунун алдында ондогон адамдар камактагы туугандарынын сүрөттөрүн кармап турушту.

Кытайдын камагындагы казактардын туугандары буга чейин жардам сурап расмий Астанага, Бириккен Улуттар Уюмуна да кайрылышкан.

Кытайда казактар да кысымга алынып жатканы тууралуу маалыматтар 2017-жылдын апрель айынан тартып түшө баштаган.

Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов аларга Кытайда жергиликтүү казактар кармалган 170 учур белгилүү экенин билдирген.

Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жаңы жогорку комиссары Мишел Бачелет 10-сентябрда Шинжаң провинциясында уйгурлар жана башка улуттук азчылыктар кармалган “тарбия лагерлери” тууралуу “терең кооптондурган” маалыматтардан улам Кытайды өлкөгө Улуттар Уюмунун байкоочуларын киргизүүгө үндөгөн.

Ал эми "Хьюман Райтс Уотч” уюму 10-сентябрда жарыяланган жаңы баяндамасында Кытайдын өкмөтү Шинжаң аймагында уйгурлардын күндөлүк турмушуна көзөмөлдү күчөтүп, аларды мыйзамсыз камаганынына, кыйноого алганына, катаал мамиле кылганына өздалилдерин келтирген.

Кытай бийлиги өз кезегинде мындай дооматтарды четке кагат. Расмий Бээжиндин көз карашында, Шинжаң аймагы чабуул коюуну көздөгөн, ошондой эле уйгурлар менен кытайлардын ортосунда чыңалууну күчөткөн исламчыл согушкерлердин олуттуу коркунучуна кабылууда. (UE)

XS
SM
MD
LG