Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:43

Казакстан менен Өзбекстан орток туристтик виза киргизүүнү талкуулоодо


Бухара шаарынын бир көрүнүшү.
Бухара шаарынын бир көрүнүшү.

Казакстандын Маданият жана спорт министрлигинин спорт жана индустрия комитетинен “Азаттык” радиосунун казак редакциясына эки өлкө “Жибек жолу” деп аталган визанын долбоорун талкуулап жатканын ырасташты. Комитет өкүлү кеңири маалымат үчүн расмий кат менен кайрылууну өтүндү.

Ал эми казакстандык “Хабар 24” телеканалы Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Азиз Абдухакимовдун: "Эки тарап бул маселенин үстүнөн абдан активдүү иштөөдө. Бул долбоорго “Жибек жолунда” жайгашкан башка бир катар өлкөлөр да кызыгуусун билдирип жатат”, - деген сөздөрүн келтирет.

Казакстандын Туризм жана индустрия комитетинин төрайымы Майнюра Мурзамадиеванын жергиликтүү маалымат каражаттарына айткандарына караганда, талкуунун жыйынтыгы жакынкы бир нече айда билиниши мүмкүн.

“Азаттык” радиосунун өзбек кызматы кабарлагандай, бул күндөрү Ташкентте “Жибек жолундагы туризм” деген туристтик жармаңке өтүп жатат. Ага аймактын ондой өлкөсүнүн өкүлдөрү, анын ичинде Казакстан, Индия, Кытай катышууда. (UE)

XS
SM
MD
LG