Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:34

Малайзияда алты суучул чөгүп кетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Малайзиянын куткаруу кызматынын алты суучулу карьерден кийин пайда болгон көлмөгө түшүп кеткен баланы куткаруу учурунда каза тапкан.

Алар Сепанг аймагындагы көлмөгө достору менен балык уулоого келип, жоголуп кеткен 17 жаштагы өспүрүмдү издеп жатышкан. Жергиликтүү тургундардын айтымында, куткаруучулар шар аккан суудан улам жабдыктарынын жарымын таппай калган жана өздөрү айлампага кирип кетишкен.

Жергиликтүү полициянын башчысы Абдула Азиз Алинин айтымында, суучулдар бардык коопсуздук эрежелерин сактаган. Алардын жанында куткаруучуга керек болгон бардык жабдыктар бар эле.

Алар чогуу бир чынжырчага бириккендиктен суунун шары чынжырды үзүп кеткен. Алар кесиптештери куткарганга чейин сууда жарым сааттай жатып калышкан.

XS
SM
MD
LG