Сауд Арабиясы Кыргызстанга медициналык жабдууларга жана эт экспорттоого 3 млн. 797 миӊ доллар өлчөмүндө грант бөлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 4-октябрдагы жыйынында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди. Анын айтымында, Сауд өнүктүрүү фонду берген каражат бир катар долбоорлорго берилет.
Алар: Кара-Кулжа жана Түп айылында үй-бүлөлүк медициналык борборлорду, Улуттук фтизиатрия борборунун кургак учук бөлүмүн жабдууга, Сауд Арабия Падышалыгына эт экспорттош үчүн Чүй облусуна карантиндик зона курууга, Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтун заманбап медициналык жабдуулар менен камсыз кылууга берилет.
Эки тараптуу гранттык келишимди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорунун концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. (КЕ)