Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:17

Ысык-Көл форуму ишин баштады


Форумдун катышуучулары.
Форумдун катышуучулары.

"Айтматов жана доор чакырыктары" эл аралык Ысык-Көл форуму башталды. Форумдун ачылышы Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жатат. Ага президент Сооронбай Жээнбеков, экс-президент Роза Отунбаева, Кыргызстандын илимий жана маданий интеллигенциясынын, ЮНЕСКОнун өкүлдөрү, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жакындары катышууда.

Быйылкы форум Айтматовдун 90 жылдыгына арналды. Иш-чарага ТҮРКСОЙдун баш катчысы Дуйсен Касеинов, КМШ өлкөлөрүнөн, Кытайдан, Түркиядан жана Түштүк Кореядан казак жазуучулары Олжас Сулейменов, Мухтар Шаханов баштаган жазуучулар жана илимпоздор келди.

Бишкекте ачылган форум 7-октябрга чейин Ысык-Көлдө уланат. Анда Айтматовдун чыгармачылыгы, экологиялык чөйрө жана коопсуздук, азыркы дүйнөдөгү маданий өзгөчөлүктөр тууралуу талкуулар өтөт. Жыйынтыгында Ысык-Көл форумунун декларациясы кабыл алынат. (BkA)

XS
SM
MD
LG