Чыңгыз Айтматов көрөгөчтүк менен көтөргөн маселелер - улам бузулуп бараткан экологияны коргоо, табият менен гармонияда жашоону камсыз кылуу мурдагыдан да курч мүнөзгө ээ болуп жатат. Бул тууралуу бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте Ысык-Көл форумунун ачылышында сүйлөп жатып айтты.
Мамлекет башчысы азыркы дүйнөнүн көпчүлүгүн түзгөн анча чоң эмес өлкөлөрдүн өнүгүү жолдорун жана келечегин талкуулоо Ысык-Көл форумунун максаттарына үндөш экенин белгиледи.
Ошону менен катар Жээнбеков дүйнөлүк карым-катнашты жөндөп туруу үчүн курулган институттарды жаңылоо зарыл болуп, терроризм менен экстремизмден коргонуу ар бир мамлекеттин, дүйнө коомчулугунун курч маселеси болуп турганда Айтматов мезгилдин руханий компасы катары келечекке жол көрсөтөрүн билдирди.
Бүгүн Бишкекте “Айтматов жана доор чакырыктары” аттуу эл аралык Ысык-Көл форумунун ачылышы өтүп жатат.
Иш-чаранын жүрүшүндө Орусиянын президенти Владимир Путиндин, алгачкы Ысык-Көл форумунун катышуучусу, ЮНЕСКОнун мурдагы баш катчысы Федерико Майордун, СССРдин биринчи жана акыркы президенти Михаил Горбачевдун кайрылуулары окулду.
Алгачкы Ысык-Көл форуму 1986-жылы өткөн. (BkA)