Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:19

Депутат Тазабек Икрамов күрөш боюнча дүйнө чемпионатына катышат


Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов.
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов.

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов бүгүн 5-октябрда Орусиянын Пермь шаарында башталган грек-рим күрөшү боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатына катышат. Бул маалыматты Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу тастыктады.

"Биргелешкен күрөш дүйнөсү" уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Икрамов 5-октябрда 41 жаштан 45 жашка чейинкилер арасында 78 килограмм салмакта күч сынашат. Ал алгач квалификациялык беттеште түркиялык Ондер Озгул менен күрөшөт.

Тазабек Икрамов 44 жашта. 1996-жылы Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик институтту аяктап, дене тарбия мугалими адистигин алган. 2015-жылы "Өнүгүү-Прогресс" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

Грек-рим күрөшү боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатына Кыргызстандан жалпысынан төрт балбан катышат. 5-октябрда 41-45 жаштагылар арасында 70 килограмм салмакта Исломидин Умурзаков килемге чыгып, алгачкы беттешинде орусиялык Алексей Архангельский менен таймашат.

6-октябрда 51-55 жаштагылар арасында 100 килограммга чейинки салмакта Олег Ким, 7-октябрда 35-40 жаштагылардан 70 килограмм салмакта Канат Шабданбаев күрөшөт. (ECh)

XS
SM
MD
LG