Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:29

Кореянын мурдагы президенти 15 жылга кесилди


Ли Мен Бак.
Ли Мен Бак.

Түштүк Кореянын мурдагы президенти Ли Мен Бак коррупция үчүн айыпталып, 15 жылга кесилди. Сеул соту аны 11,5 млн. доллар айыппул төлөөгө да милдеттендирди. Прокуратура аны 20 жылга кесүүнү сунуш кылган.

76 жаштагы Ли Мен Бак өзү сот залына келген жок. Ал Түштүк Кореяны 2008-2013-жылдары башкарган. Экс-президент ""Samsung" баштаган бир катар компаниялардан пара алган, салыктан качкан, бийлик укуктарын кыянат колдонгон, шайлоо мыйзамдарын бузган" деп күнөөлөнүп, быйыл жазда кармалган эле. Ли өзүнө коюлган айыптардын баарын четке кагып келатат.

Андан кийин өлкөнү башкарган Пак Кын Хе да камакта. Коррупцияга, кызматтык кыянатчылыкка, шайлоого кийлигишүү үчүн айыпталып, жалпысынан 34 жылга кесилген.

XS
SM
MD
LG