Орусиянын Тверь шаарына жакын кан жолдогу автокырсык 13 адамдын өмүрүн кыйды. Кеминде 17 киши жабыркап, айрымдары ооруканага жеткирилген.
Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 5-октябрдын таңында кичи автобус менен автобус кагышканын, курман болгондор "Ford" үлгүсүндөгү кичи автобустун жүргүнчүлөрү жана айдоочусу экенин билдирди.
Баштапкы маалыматка караганда, кичи автобус каршы тилкеге чыгып кеткен. Жабыркаган жана каза болгон жүргүнчүлөрдүн тек-жайы, окуянын жагдайы иликтенип жатат.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги "Азаттыкка" бул кырсыктан каза болгон же жабыркаган жарандардын арасында кыргызстандыктардын бар-жогу текшерилип жатканын билдирди.
Тверь шаары Москвадан 170 чакырым түндүктө жайгашкан.