Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:41

Орусия Ноокатка чек ара тозотун куруп берди


"Улуу-Тоо" тозоту.
"Улуу-Тоо" тозоту.

Мамлекеттик чек ара кызматы берген маалыматка ылайык, Ноокат району менен Өзбекстандын Мархамат району чектешкен аймакта жайгашкан “Улуу-Тоо” чек ара заставасынын жаңы комплекси курулуп, заманбап жабдуу менен камсыздалды. Бул иш кыргыз өкмөтү менен Орусиянын ортосунда Евразия Экономикалык Биримдигине кошулуунун алкагында Кыргызстанга техникалык колдоо көрсөтүү боюнча түзүлгөн келишимге ылайык жүргүзүлгөн.

Чек ара заставасында башкаруу курамы үчүн кеңселер, офицердик курам жана алардын үй-бүлөсү үчүн үй, кампа жайлары, техниканы оңдоочу жана сактоочу жабык жайлар, кызматтык иттер үчүн атайын орун каралган. Чек ара кызматынын өзгөчөлүгүн эске алып, жаңы комплекстин аймагында сап майданы, ок атуу даярдыгы боюнча машыгуучу жана окутуу жай, спорттук аянты курулган. Жаңы салынган “Улуу-Тоо” чек ара заставасынын чек арачылары Өзбекстандын Мархамат району менен чектеш 10 чакырымдан ашык аралыкты кайтарат. (MdN)

XS
SM
MD
LG