Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:33

Ингушетияда жерге байланыштуу митинг уланууда


Ингушетиядагы митинг. 4-октябрь, 2018-жыл.
Ингушетиядагы митинг. 4-октябрь, 2018-жыл.

Ингушетияда Чеченстан менен жер алмашууга каршы акция уланууда. Бейшембидеги митингден кийин ондогон адам парламенттин алдында түнөдү. Эл аларга тамак-аш, жылуу кийим берип жатканын "Кавказ түйүнү" сайты кабарлоодо.

5-октябрга оогон түнү митингчилер жер алмашууга каршы болгон 15 депутаттын тизмеси деп сөз болгон, фамилиялардын тушуна колдор коюлган кагазды жарыялашты. Бийлик келишимге "үч гана депутат каршы чыккан" деп билдирип келатат.

26-сентябрда Евкуров менен Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров аймактар ортосундагы чек араны тактоо боюнча келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, айрым жерлер алмаштырылышы керек. Буга көп ингуштар каршы.

Эң ири митинг 4-октябрда Магас шаарында өтүп, ага миңдеген адамдар катышты. Полиция эскертүү иретинде көп жолу асманга ок атты.

XS
SM
MD
LG