Казакстандын Актөбө шаарында өзбекстандык 52 адамдын өмүрүн алган өрт боюнча сот уланууда. Сот отурумунда жабыркагандар моралдык зыян катары ар бир маркум үчүн 150 миллион теңге жана жазанын эң катаалын талап кылышты. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматына алардын адвокаттарынын бири Акжан Акылова билдирди.
Автобустун өрттөнүшү боюнча беш адам соттолууда. Үчөө айдоочулар. Аларга "өрт коопсуздугу боюнча талаптарды, транспортту колдонуу эрежелерин аткарган эмес" деген айып тагылууда. Ал эми "Азия транзит сервис" компаниясынын негиздөөчүсү жана механиги "иш милдеттерин аткарган эмес, бузук транспортту колдонууга берген" деп күнөөлөнүп жатышат.
Өзбекстандын жарандарын алып бараткан автобус 18-январда Актөбө облусундагы кан жолдо өрттөнүп кеткен. Беш адам аман чыгып, 52 киши өмүрүнөн айрылган. Тергөөчүлөр өрт салон ичинде ширеткичти жандыргандан кийин чыккан деген бүтүмгө келишкен.