Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 13:59

Татарстан: буркиничен пенсионерди бассейнге киргизбей жатышат


Буркиничен аялдар. Тунистеги пляж.

Казан шаарында 71 жаштагы Ираида Шафигуллинага буркиничен бассейнге түшүүгө уруксат бербей коюшту. Бул тууралуу "Азаттыктын" татар кызматы кабарлады.

Дарыгерлер "көбүрөөк сууда сүзүү керек" дегендиктен ал аял акыркы эки жылдан бери шаардагы бассейндердин бирине такай барып, буркиничен түшүп турган. Сентябрдын аягында бир ай акысын алдын-ала төлөп, сууга түшүп жатканда бассейн тейлөөчүлөр сыртка чыгарып салышкан.

"Мен "түшүндүрүп бергиле" дедим. Мен кимдир-бирөөгө ыңгайсыздык жаратып атамбы? Орусия Федерациясынын бүтүндүгүнө коркунуч туудуруп атамбы?" дейт пенсионер.

Ал азыр бассейнди иштеткендерди сотко берүүгө камынып жатат. Мекемедегилер директор эмгек өргүүсүнөн келмейинче түшүндүрмө берилбесин билдиришкен.

2016-жылы Франциянын Канны шаарында буркиничен сууга түшүүгө тыюу салынган. Орусияда мындай чектөө жок.

Буркини - аялдардын денесин толук жапкан, сууга түшкөндө кийилчү кийим.

XS
SM
MD
LG