Францияда дүйнөгө белгилүү ырчы, композитор, жазуучу жана актер Шарль Азнавур менен коштошуу зыйнаты өттү. Улуттук деңгээлдеги иш-чара "Les Invalides" сарайында уюштурулуп, ага Франциянын азыркы жана мурдагы президенттери, Армениянын президенти менен премьер-министри катышты.
Француз желеги жабылган табытты жана армян желегинин элеси түшүрүлгөн гүлчамбарды армян улуттук музыкасынын коштоосунда көтөрүп киришти.
Улуту боюнча армян Шарль Азнавур 1-октябрда дүйнөдөн өткөн. Ал 1922-жылы Парижде армян эмигранттарынын үй-бүлөсүндө туулган. CNN телеканалы менен "Times" журналы Азнавурду "кылымдын мыкты ырчысы" деп баалаган. Ал 70 жылдык чыгармачылыгында 1200 ыр жаздырып, 100 миллиондон ашуун диски сатылган. Алтымыштан ашуун кинодо тартылган.
Азнавурдун керээзине ылайык, сөөгү Францияда 6-октябрда жерге берилет.