Индия Орусиядан 5 млрд. долларга С-400 үлгүсүндөгү зениттик-ракеталык комплексинен бешти сатып алат. Контракт түзүлгөнү Орусиянын президенти Владимир Путин менен Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин Делидеги жолугушуусунда белгилүү болду.
Орусиядан курал алганы үчүн Индияга Кошмо Штаттар санкция салышы ыктымал. Сентябрда АКШ Кытайдын Коргоо министрлигинин департаментине санкция салган. Аны Кытай Орусиядан Су-35 үлгүсүндөгү аскер учактарын сатып алганына байланыштырган.
Вашингтон Москвага удаама-удаа экономикалык санкцияларды киргизип, Орусия менен кызматташкандар да ага кабыларын эскертип келет.
Орусиядан С-400 комплексин Түркия да сатып алууну пландоодо. НАТОдогу өнөктөшү болгондуктан Вашингтон Анкаранын бул максатын колдобойт.