Кыргыз авиациясынын түптөлгөнүнө 85 жыл толду. Бул дата 1933-жылдын 7-октябрында Кыргыз АССРинин Элдик комиссарлар кеңешинин токтому менен белгиленген.
Кыргызстандын аймагына алгачкы жолу учакты финляндиялык Теодор Суопио кондурган. Ал Ю–13 учагын Бишкектин чок ортосуна 1927-жылы учуруп келген.
Өлкөдөгү эң биринчи аэропорт Бишкектин четиндеги Папеновка айылында 1933-жылы түптөлгөн. Айыл-чарба тармагын тейлөө үчүн үч У–2 учактары алгачкы кыргыз авиа бөлүмүнүн өзөгүн түзгөн.
Күңгөй Ала-Тоо жана Кыргыз Ала-Тоо кыркаларын биринчилерден болуп 1933-жылы Николай Иеске жана Евгений Балакши учуп өткөн. Алар У–2 учагы менен 3500 метр бийиктикти багындырган. Ошол эле жылы Бишкек – Балыкчы – Каракол жана Бишкек – Ташкент – Алматы каттамдары ачылган.
Советтер Союзундагы эң биринчи эмгек сиңирген учкуч наамын Ишенбай Абдраимов 1966-жылы алган. Республикадагы авиациянын демилгечиси, уюштуруучусу, жетекчиси жана эң биринчи кыргыз учкуч Абдраимов Кыргызстандагы 1-класс стандартындагы аба майданды курдурган. Ал өлкөнүн тоолуу аймактарына У–2, Ли–2 жана Ил–18 учактары менен алгачкылардан болуп жол салган. Учурда Бишкектеги авиациялык институт ал кишинин атын алып жүрөт.
Абдраимовдун тушунда санитардык авиация бөлүмү түзүлүп, Кыргызстанда аба майдан, учуп-конуу тилкелери, майда аэродромдор, айыл чарба жана спорттук тилкелер, аскерий аба майдандары жана тик учак конуучу аянтчалар болуп жалпысынан 86 авиа объект салынган.
Кыргызстан эгемендик алгандан соң өкмөт 1994-жылы “7-октябрь – Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация күнү” деп бекиткен.
Учурда Кыргызстанда сакталып калган он бир аба майданы бар. Алардын ичинен жетөө учактарды кабыл алат.
Бирок Кыргызстандын авиакомпаниялары учактардын сапаты, учуу коопсуздугунан улам 2006-жылы Европанын "кара тизмесине" кирген. Андан чыгуу аракети азырынча оң жакка чечиле элек.